Баткен районунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматында айтылат.
Андагы маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү 24-октябрь күнү саат 23:40та болгон.
Жер титирөө Баткен районунун Рават айылында 3 баллга (Рават айылынан 14 чакырым түштүк чыгышта, Лейлек айылынан 20 чакырым түштүк чыгышта, Баткен шаарынан 52 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.
Андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.