Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 23-24-октябрь күндөрү ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын Коргоо жана коопсуздук, саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык, социалдык-экономикалык жана укуктук маселелерди талкуулоо боюнча туруктуу комиссиялардын отурумдары өттү.
Ага Жогорку Кеңештин депутаттары Алишер Эрбаев, Нилуфар Алимжанова жана Жогорку Кенештин КМШ ПАА, ЖККУ ПАдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Шабданбек Алишев катышты.
Отурумда 10 маселе каралды. Алардын ичинен "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жоопкерчилик зонасындагы кырдаал жана жамааттык коопсуздукка чакырыктар жана коркунучтарга каршы күрөшүү чаралары", "Жасалма интеллект жана робототехника жаатында улуттук мыйзамдарды өнүктүрүүнүн жалпы принциптерин иштеп чыгуу боюнча ЖККУнун мүчө мамлекеттери үчүн улуттук коопсуздук жөнүндө", "Террорчулукка каршы күрөш жөнүндө" ЖККУнун типтүү мыйзам долбооруна өзгөчө көңүл бурулду.
Саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссиянын отурумунда катышуучулар төмөнкү долбоорлор боюнча пикир алмашышты: Тарыхый окуяларды, Улуу Ата Мекендик согуштун жана Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыктарын кайра карап чыгууга жана бурмалоого багытталган тышкы деструктивдүү аракеттерге каршы чараларды иштеп чыгууга ЖККУга мүчө мамлекеттердин жалпы мамилелерин калыптандыруу боюнча сунуштар; ЖККУнун мүчө мамлекеттеринин аскердик-патриоттук тарбиялоо жаатындагы мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча сунуштар.
Социалдык-экономикалык жана укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиянын отурумуна Жогорку Кеңештин ЖККУ ПАдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Шабданбек Алишев катышты.
Отурумда 9 маселе: анын ичинен ЖККУга мүчө мамлекеттердин миграциялык коопсуздук концепциясынын долбоору жана мыйзамсыз миграция менен күрөшүү чөйрөсүндө ЖККУга мүчө мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча сунуштамалар, ошондой эле "ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын ишин каржылоо жөнүндө"маселелери каралды.
Мындан тышкары ЖККУнун туруктуу комиссияларынын отурумдарында ЖККУнун Парламенттик Ассамблеясынын 2025-жылга иш планынын долбоору каралып жактырылды.