Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирирүүчү альтернативдүү жол 2025-жылы жазда ишке берилиши мүмкүн. Мындай билдирүүсүн транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев пресс-конференцияда айтты.Белгилей кетсек, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу татаал тоо ландшафттарында курулуп жаткан 433 чакырымдык магистраль болуп саналат. Аталган жол Кыргызстандын түндүк бөлүгүнөн Балыкчы шаары менен түштүк бөлүгүнөн Жалал-Абад шаарын бириктирип турат.
Мамлекет башчысы төрт сааттын ичинде түштүктөн Балыкчыга чейин барса боло тургандыгын айткан.