Кыргыз балмуздагы кайсы өлкөлөрдө суроо-талапка ээ? Министрликтин маалыматы

Акыркы 5 жыл аралагында өлкөдө өндүрүлгөн балмуздактын көлөмү 5 миң 172 тоннадан 10 миң 824 тоннага чейин жетти. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, экспорттун көлөмү 2 миң 753 тоннадан 6 миң 111 тоннага чейин өссө, импорттун көлөмү 2 миң 788 тоннадан 1 969 тоннага чейин азайган. Негизинен Кыргызстанда өндүрүлгөн продукция Казакстанга, Өзбекстанга жана Орусияга чыгарылат.

Ошондой эле министрлик кыргыз балмуздагы КМШ өлкөлөрүндө чоң суроо-талапка ээ болуп жатканын кошумчалады.

25.10.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан