Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш кайрылуу жасады

Жакынкы убактарда Чүй облусунда жана Бишкек шаарында катуу шамал болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

"Жакынкы бир саат аралыгында жана күндүн экинчи жарымында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

Урматтуу жарандар! Шамал учурунда электр чубалгыларынан, бак-дарактардан, жарнама калкандарынан алыс болуңуздар", - деп билдиришти ӨКМдан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан