Кыргызстан жаңжалдашып жаткан Иран менен Израилге кайрылды

Кыргызстан Иран менен Израилдин ортосундагы чатактын курчуп кетүү коркунучуна жана аймактагы стабилдүүлүккө доо кетирип, эки өлкөнүн ортосундагы чыңалууну андан ары күчөп кетишине тынчсыздануусун билдирет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

"Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасы тараптарды мындан аркы аскердик аракеттерден баш тартууга жана бүткүл Жакынкы Чыгышта кырдаалды туруксуздаштыруу коркунучуна жол бербөөгө чакырат.

Кыргыз Республикасы дүйнө коомчулугунун, биринчи кезекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин аймактагы согуштук аракеттерди тез арада жана толук токтотуу үчүн күч-аракеттерин бириктирүүнү жактайт", - деп билдиришти министрликтен.

Эске сала кетсек, 26-октябрга караган түнү Израилдин Коргоо күчтөрү Ирандагы аскерий объектилерге кол салууларды жарыялаган. Маалымат каражаттарынын маалыматына караганда, Израиль Иранга кол салуу үчүн 100дөн ашык учакты, анын ичинде F-35 истребителин колдонгон.

Кийинчерээк Израиль Иранга кол салуу боюнча расмий билдирүү жасады. Анда алар бул кол салууну "миссия аткарылды" деп эсептей турганын билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан