Бүгүн, 28-октябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлады.
Маалыматка ылайык, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолордогу унаа жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө күндүз +4…+9,
Таласта күндүз +4…+9,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында күндүз +8…+13,
Ысык-Көл жергесинде күндүз +4…+9,
Нарын облусунда күндүз +4…+9,
Бишкек шаарында күндүз +5…+7 градус болот.