Ош шаарында 29-октябрдан 30-октябрга караган түнү жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Ош мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жылуулук этап-этабы менен 3-4 күндө толук жетет.
"Эң алгач ооруканаларга, бала бакчаларга, мектептерге, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине, андан кийин турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерге берилет", - деп айтылат маалыматта.