Бүгүн, 28-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы 46 жаштагы айдоочу сүзүп кеткен жөө жүргүнчүлөрдүн бири каза болгонун кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя 26-октябрь күнү кечки саат 20:30дар чамасында Аламүдүн айылындагы Алма-Ата көчөсүндө болгон. Анда Kia Rio үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдон өтүп бара жаткан жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен. Натыйжада 78 жаштагы жаран окуя болгон жерде каза болсо, ал эми 8 жаштагы өспүрүм жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
"Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Кырсык болгон учурда унаанын айдоочусу эс-учун жоготкон абалда болгон, кошумча кан алынып, соттук-химиялык экспертиза дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда айдоочунун аракетине укуктук баа берүү үчүн бардык зарыл экспертизалар дайындалды.
Буга чейин социалдык тармактарда Чекиш-Ата базарынын үстүндөгү Алма-Ата көчөсүндө бир кишини унаа сүзүп кетип каза болгону тартылган видео тараган болчу.