Ош шаары жана үч облустагы бала бакчаларга жетекчилер бекитилди

Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунун жана Ош шаарынын бала бакчаларынын директорлорунун бош орундарына сынактын жеңүүчүлөрүнүн тизмеси бекитилди. Бул туурасында бүгүн, 28-октябрда Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, министрдин атайын буйругунун негизинде Ош шаарынан 5, Баткен облусунан 16, Жалал-Абад облусунан 9, Ош облусунан 19 талапкер бош орундарга тандалып алынган.

Белгилей кетсек, буга чейин мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурска катышкандардын 88и компьютердик тестирлөөдө белгиленген 60 пайыздык босогодон өтүшкөндүгү айтылган. Министрлик өлкө боюнча жалпы 762 бош орун бар экендигин билдирген.

Ал эми 22-октябрда Бишкек шаарын жана төрт облустагы бала бакча жетекчилеринин бош орундары толукталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан