Зордуктоого шектелген "Казак" каймана аттуу кылмыштуу топтун мүчөсү Каирден кармалды

Эл аралык издөөдө жүргөн Египеттен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИмдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган "Казак" каймана аттуу 43 жаштагы жаран Каир шаарынан колго түшкөн. Шектүү эки өлкөнүн Интерпол кызматынын кызматкерлеринин биргелешип жүргүзгөн издөө иштеринин натыйжасында кармалган.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси боюнча (Алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган зордуктоо) шектелип жаткан.

Шектүү былтыркы жылдын июнь айында шериктери менен бирге 26 жаштагы кызды алдап, унаа салып, Ош шаарындагы мейманканалардын бирине алып барган жана ал жерден шериктери болуп физикалык күч колдонушуп, кызды зордукташкан. Бирок сот шектүүнү жасаган кылмышына карабастан үй камагына чыгарган. Ал эми кылмышкер болсо белгисиз тарапка изин жашырып кеткен. Мындан улам ага эл аралык издөөгө жарыяланган.

ИИМ кармалган жаран дагы бир катар кылмыштарды жасаган деп шектелип жатканын кошумчалап, учурда аны өлкөгө экстрадициялоо маселеси каралып жатканын маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан