Эртең, 29-октябрда түнкүсүн өлкөнүн айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлады.
Маалыматка ылайык, күндүз Жалал-Абад облусунун кээ бир аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар түшөт жана айрым жерлерде туман болот. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10,
Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…+4, күндүз +5…+10,
Нарын жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8.
Бишкек шаарында түнкүсүн -1…+1, күндүз +6…+8 градус болот.