Ички иштер министрлиги издөөдө жүргөн К.А. аттуу жаран Грузиядан кармалганын кабарлады.
Маалымдагандай, ал өзгөчө ири өлчөмдө жасалган "салык салуу объекттерин жашыруу", "салык төлөөдөн качуу", "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо" фактылары боюнча шектелип, издөөгө алынган. Ага карата кылмыш ишин Улуттук коопсуздук комитети ачкан. ИИМ бул иш боюнча дагы эки шектүү бар экенин кошумчалады.
Учурда кармалган жаранды өлкөгө экстрадициялоо маселеси каралууда.