Аба ырайы турукташкандыгына байланыштуу Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолундагы чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, киргизилген чектөө саат 15:00дө алынды.
Буга чейин Ош облусунун Алай районунун Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунда кар жаап, бороон болгонуна байланыштуу жол тыгындарын болтурбоо максатында, бүгүн, 28-октябрда саат 12:00дөн тартып убактылуу жабылган.
Чектөө аталган унаа жолдун 184-чакырымынан 250-чакырымына чейин унаалардын бардык түрүнө киргизилген.