Бообек Ажикеев Жумгалда жоголгон ата-бала боюнча билдирүү жасады

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Жумгал районунун Өрнөк айылында мал кайтарганы кетип дайынсыз жоголгон ата-бала боюнча билдирүү жасады.

Билдирүүсүндө министр куткаруучулардын саны көбөйтүлгөнүн, эгерде жыйынтык чыкпаса эртең дагы көбөйтүлөрүн айтты.

"17-октябрдан бери Нарын облусунун Жумгал районунда дайынсыз жоголгон жарандарды издөө иштери тынымсыз улантылып жатат.

Кеч киргенине жана 2-3 күндөн бери созулуп жаткан жаан-чачынга карабастан, министрликтин кызматкерлери издөө иштерин токтотпостон улантууда.
Издөө иштери алгачкы этапта кичи сайда жүргүзүлүп, бирок жыйынтык бербегендиктен, кызматкерлердин санын көбөйтүп, эми төмөнкү чоң сайдан издөөнү улантууну чечтик. Тилекке каршы, суу астында иштей турган дрондорду шаркыратмаларда колдонуу мүмкүн эмес. Биздин куткаруучу иттер тирүү адамдарды гана табууга үйрөтүлгөн. Ошондуктан таштардын арасын чытырман токойлорду жана башка татаал жерлерди текшерүү үчүн куткаруучулардын санын көбөйттүк.
Учурда издөө иштерине 53 адам тартылган. Издөө иштерин тездетүү үчүн атайын техникалар колдонулууда. Жыйынтык бүгүн чыкпаса, эртең адамдын санын дагы көбөйтөбүз.
Жоголгон жарандарды табуу үчүн болгон аракетибизди жумшап жатабыз", - деп жазды Ажикеев.
Буга чейин SUPER.KG порталына дайынсыз болуп жаткан жарандын аталаш карындашы окуя тууралуу айтып берген. Анда ал куткаруучулар эч кандай шаймансыз келгенин, тоодон, суулардан өтө албай жатканын айткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан