Бүгүн, 28-октябрда Бишкектеги тойканалардын биринде “Топ-100 Кыргызстан” ар тармактагы мыктыларды сыйлоо аземи өттү.
Иш-чаранын башында аталган сыйлыктын негиздөөчүсү Замир Гусейнов сөз сүйлөп, сыйлык ээлерин куттуктады.
Аземдин жүрүшүндө ырчылар Талант 60К, Айя Садырова жана Юлия Руцкая жагымдуу маанай тартуулап, сыйлык алган жарандарды куттукташты.
Анда дарыгерлер, сулуулук тармагында эмгектенгендер, юристтер, дизайнерлер, ашпозчулар жана башка кесиптердин ээлери сыйланды.