Ош шаарына караштуу Озгур айылында 225 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматында айтылат.
Ага ылайык, жаңы мектеп 3 блоктуу 3 кабаттуу окуу корпустан туруп, спорттук залы жана өтмө галереясы менен курулат. Жалпы аянты 2034 чарчы метрди түзгөн билим берүү мекемеси 225 окуучуга эсептелген.
Мектепте негизги класстык кабинеттерден тышкары актовый зал, компьютердик класс, лаборатория, китепкана жана сырткы волейбол, баскетбол аянтчалары каралган.