Тургунбаев: Өлкөдө жалпы өлүмдүн 75 пайызы инсульттан болуп жатат

Кыргызстан инсульт оорусуна чалдыккандардын саны, андан майып болгондордун жана өлүмдүн саны боюнча да дүйнөдө алдыңкы катарларды толуктайт. Мындай билдирүүсүн Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы Жамал Тургунбаев "Биринчи радионун" түз эфиринде маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө бир жылда 6 миңдей адам инсульт алса, бир күндө 16-20 киши бул илдет менен жабыркайт.

"Илдетти болтурбоонун аракетин көрүүдө жарандар өздөрү аракет кылыш керек. Башка мамлекеттерде инсультту алдын алышат, бизде бир калпта келе жатат. Себеби элде инсульттун алдын алуу боюнча маалыматы жетишсиз. Биздин өлкөдө жалпы өлүмдүн 75 пайызы инсульттан болуп жатат. Инфарктка караганда инсульт жогору", - деп белгилеген Тургунбаев.

Кошумчалагандай, инсультка алып келген оорулар — жогорку кан басымы, холестериндин жогору болушу жана диабет сыяктуу жүрөк кан-тамыр ооруларынын тобокелчиликтери.

Белгилей кетсек, бүгүн, 29-октябрь – Дүйнөлүк инсультка каршы күрөшүү күнү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан