"Өзүңдүн күчүң менен окушуң керек". Германияда билим алып жаткан Мээрим менен маек

SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикасынын бул жолку каарманы Германияда билим алып жаткан Мээрим Нагызбекова болмокчу. Ал учурда Германиянын Бавария федералдык аймагында магистратурада Эл аралык Аграрменеджмент багытында окуп жаткан кези.

Мээрим 23 жашта. Айтматов районунун Кара-Суу айылында төрөлүп, мектепти аяктаган соң Бишкектеги Кыргыз Улуттук Агрардык университетине тапшырып, аны ийгиликтүү аяктаган. Андан соң окуусун Германияда уланткан, биз аны менен маек куруп, окуусу Германиядагы жашоосу тууралуу кеп кылдык.

- Мээрим, саламатсызбы? Учурда билим алып жаткан окуу жайыңыз тууралуу кенен маалымат берип өтсөңүз. Кандай жолдор, кайсы программа менен барып калдыңыз?

- Саламатсызбы? Бул жакта окуп жатканыма эки жарым жылдай болуп калды. Атайын программа деле жок. Бакалаврды Кыргыз улуттук агрардык университетинде бүтүргөм. Ал университет азыркы окуп жаткан университетим менен тыгыз кызматташкандыктан, тапшыруу жолдору оңой болду десем болот. Ошондой эле буга чейинки практика өтүп келгеним дагы мага плюс болду. Кыргызстанда 4-курста окуп жүргөндө кышында арыз толтурганбыз, анан апрелде бул жакка келдим. Бул жактагы окуум практикалык семестр менен башталып, В2 деңгээлдеги немис тил сынагын жана башка предметтерден экзамен берип, теориялык семестрге өттүм.

- Чет өлкөдө билим алуу, эмгектенүү үчүн тил эң маанилүү нерсе, тил үйрөнүүдө кандай ыкмаларды колдондуңуз?

- Немис тилин Бишкекте окуп жүргөндө 1-курстан баштап эле атайын курстарга жазылып, окуп баштагам. Германияга жаңы келгенде жакшы деле сүйлөй алчу эмесмин, ошого карабай күнүмдүк колдонгон нерселердин барын немис тилине которуп алгам, телефон, ноутбук жана башка гаджеттерди. Кинолорду субтитр менен көрөт элем, анан радио, подкасттарды же музыка уккан дагы жакшы жардам берет. Кийин окууга тапшырып келгенде бул жакка ар кайсы өлкөнүн кыйындары келгендиктен, өлкөмдү ылдый кылбайын деп тырышып окудум. Немис тилдүү чөйрөдө бир гана немисче баарлашуу менен тез эле үйрөнүп кеттим. Эң башкысы сүйлөп жатканда тартынбай сүйлөй бериш керек, бул жакта көптөгөн чет элдиктер менен аралашып жашагандыктан ката кетирсең эч ким маани деле бербейт.

- Ал жактагы билим берүүдө кайсы өзгөчөлүктү эң мыкты деп баалайт элеңиз?

- Германиянын билим берүү системасы башка Европа өлкөлөрүнө салыштырмалуу бекер, болгону ошого жараша тырышып окуу керек. Бул жакта сабакка катышуу эркин, өзүң каалаган убакта барып катышсаң болот, убактың көп болсо иштеп дагы жетишсең болот. Мындан тышкары испан, француз, итальян, англис сыяктуу чет тилдерине бекер курстарга бара аласың. Анан студенттер үчүн атайын китепкана, спорт залдар, бий ийрими, йога жана айкидо бар. Ошондой эле көптөгөн жеңилдетүүлөр жана стипендиялар каралган. Мага жаккан эң мыкты өзгөчөлүктөрүнүн бири окуу материалдарыңа кетирген каражаттарды кайра кайтарып ала аласың, мисалы: ноутбук, планшет, китеп, билеттер. Дагы бир жеңилдетүүлөрдүн бири азыркы окуп жаткан Бавария федералдык аймагындагы студенттерге транспорттук билеттер айына болгону 29 евро, бул менен Германиянын бүткүл аймагына бара аласың. Ошону менен катар чектеш Европа өлкөлөрүнө бекер саякаттоого мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.

Бул жактагы билим берүү системасын Бишкектеги окуу жайлар менен салыштырып болбойт. Коррупция деген жок, баардыгын өзүң окуп үйрөнүшүң керек. Экзаменди ийгиликтүү тапшырганга үч жолу мүмкүнчүлүк берет, эгер аны колдоно албай калсаң окуудан чыгарыласың.

- Эми Германиянын маданияты, ал жактагы элдин мамилеси тууралуу сүйлөшсөк. Сизди таасирленткен адамдар болдубу?

Немис эли көбүнчө ачык мүнөз, адамгерчиликтүү жана чынчылдыкты өзгөчө баалашат. Мага жаккан жери канчалык бай же чоң кызматтагы адам болбосун өздөрүнүн жөнөкөйлүгүн сакташат. Ар дайым күлүп, бирөөгө сылык мамиле кылышат.

Мени бул жактагы адамдардын сылыктыгы өзгөчө таасирлентти десем болот. Бир жолу Германияга жаңы келген учурум эле, жолдон адашып калдым анан полиция кызматкеринен жардам сурасам, бара турган жериме чейин жеткирип койгон болчу. Полиция кызматкеринин мындай сылык мамилесин биринчи көргөм, мага өзгөчө таасир калтырган. Ал эми бизде эмнегедир милиция кызматкерлери катуу мүнөз болушат эмеспи.

- Буга чейин Германияда сиз көргөн шаарладын кайсынысы сизге өзгөчө жакты? Ал жактын эли биздин өлкө, шаарларыбыз жөнүндө эмнелерди билет экен?

Азыркы учурда Германиянын Триер шаарында практика өтүп жатам. Буга чейинки жашаган шаарлардагы элдер менен салыштырмалуу бир аз башкача. Мурда Баварияда жашасам ал жактагы элдер өздөрүн немистерден жогору коюп, "баварцы" деп эсептешет. Ал эми Мюнхен Германиянын эң кымбат шаары болуп саналат. Ал эми Триер эң байыркы шаарлардын катарында, биздин заманга чейинки 16 кылымдан бери жашап келген шаар. Батыш тараптын эли абдан жөнөкөй болгондуктан, мага эң жаккан шаар Триер шаары болду десем болот.

Негизи эле немистер Кыргызстан жөнүндө көп деле билишпейт. Чет жерде жүргөндө чет элдиктердин биринчи эле берген суроосу "кайсы өлкөдөн болосуң?" деген суроосу, же болбосо өздөрү болжолдоп Япония, Кытай, Таиланд деп айтып калышат. Өзүмдү тааныштырып калсам, силер башкача эл экенсиңер деп таң калып калышат. Тилиңер түркчөгө окшош, орусча дагы сүйлөйсүңөр, диниңер ислам, бирок жүзүңөр азияттарга окшош деп айтып калышат.

- Чет өлкөдө жүргөндө мекенге болгон сагыныч болсо керек…

Негизи ачыгын айтканда көп деле сагыныч болбойт, болот кээде ата-энеңди, бир туугандарыңды сагынасың. Мен Кыргызстанга барганда кайра бул жакка келгим келет. Кээде өзүңдүн үйүң кайсы жакта экенин сезбей калган чытырман ойлор болот. Бирок азыркы алып жаткан билимибиз менен келечекте өлкөбүзгө салым кошобуз деген ишеничим бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан