Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 21-октябрдан 27-октябрга чейин 18 682 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда ЖКККББдан билдиришти.
Алардын ичинен:
- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 555;
- мас абалында автотаранспорт каражатын башкаруу - 237;
- автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 51;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 326;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3202;
- автоээнбаштык - 6;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3492;
- жалган мамлекттик номур менен унаа башкаруу - 2;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 миң 137;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1783 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.