Быйылкы жылдын январь-октябрь айларында чет өлкөлөрдө кылмышка айыпталып, кармалган 69 кыргызстандык мекенине кылмыш жоопкерчилигине тартуу же сот өкүмүн аткаруу максатында кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Башкы прокуратура кабарлады.
Маалыматка ылайык, ошол эле учурда Кыргызстан чет өлкөлөргө 38 чет элдик айыпталуучуларды өткөрүп берген.
"Башкы прокуратура кылмышкерлерди экстрадициялоо жаатында эл аралык кызматташууну күчөтүп, Кишинёв конвенциясынын жана эки тараптуу макулдашуулардын алкагында чет өлкөлүк өнөктөштөр менен иш алып барууну улантууда. Мындан тышкары алыскы чет мамлекеттер менен экстрадиция боюнча кошумча келишимдерди түзүү мүмкүнчүлүгү каралууда", - деп айтылат маалыматта.