Ашуулардагы абал: Жол тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери жүрүүдө (видео)

Бүгүн, 29-октябрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Учурда жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатышат.

"Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жол эрежелерин так сактоого чакырат", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө эртең менен саат 8:35те алынды. Ошондой эле Өтмөк ашуусунда дагы жол ачык.

Транспорт министрлиги
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан