Бишкектин көчөлөрүндөгү Москвичти көрдүңүз беле? Милиция анын тарыхын баяндады

Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине карата Талас облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан Москвич үлгүсүндөгү автоунаа даярдалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалымдалгандай, бул унаа милициянын басып өткөн жолундагы пайдаланган техникаларынын эски образын чагылдырат.

Москвич 1971-жылы Талас ОИИБине кызматтык унаа катары берилген. Ошондон бери сакталып, кыргыз милициясынын 100 жылдык майрамына карата толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 1-ноябрь күнү параддан өтүү үчүн борбор калаага жиберилди", - деп айтылат билдирүүдө.

Видео: Талас ОИИБ
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан