Ички иштер органдарынын генералдарынын арасында тапанчадан ок атуу боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Бишкек ШИИББинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, өткөн ишембиде Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата борбордук милиция жетекчилигинин демилгеси менен Макаров үлгүсүндөгү тапанчадан ок атуу боюнча мелдеш өтүп, ага милициянын 10 генералы катышкан. Алардын ичинде убагында ички иштер министри кызматын ээлеген Абдулда Суранчиев, Зарылбек Рысалиев, Мыктыбек Абдылдаев, Бакирдин Субанбеков, Феликс Кулов, Бактыбек Алымбековдор бар.
Мелдешке катышуу үчүн келген конокторду ИИМдин "Генералдар клубунун" төрагасы, отставкадагы милициянын генерал-майору Садырбек Дубанаев, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Азамат Токтоналиевдер тосуп алышкан.
Ошондой эле Бишкек ШИИББинин тиринде ок атуу мелдеши болуп, анда генерал-майор Садырбек Дубанаев жеңүүчү деп табылган. Ал эми экинчи орунду мурдагы ички иштер министри Феликс Кулов алса, үчүнчү орунду отставкадагы милициянын генерал-майору Зарылбек Рысалиев жеңип алган.
"Спорттук иш-чара жеңүүчүлөргө татыктуу сыйлыктар жана эстеликке белектерди тапшыруу менен жыйынтыкталды. Ошондой эле ардагерлер борбордук милициянын жетекчилигине, ардагерлерге сергек жашоо тартуулаган, спорт багытына кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, мааракеси менен куттуктап, өздүк курамга бекем ден соолук жана бакубатчылык каалашты", - деп айтылат маалыматта.