Бишкектеги "Оберон Дордой" жана "Оберон Орто-Сай" базарларынын аймактары мамлекеттин кирешесине кайтарылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Андагы маалыматка ылайык, «Оберон» ЖЧКсы тарабынан укук белгилөөчү документтерди мыйзамсыз алуу фактысы аныкталган. Жер тилкелерин мыйзамсыз сатып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында "Оберон" ЖЧКсы тарабынан "Дордой" (өлчөмү 6,42 гектар) жана "Орто-Сай" (өлчөмү 1,68 гектар) базарларында жайгашкан жер тилкелери ээлеп алынгандыгы такталган.
"Тактап айтканда, "Оберон" ЖЧКсынын ээлери тарабынан 1998-жылы аталган жер участоктору убактылуу пайдаланууга (ижарага) алынган, буга карабастан "Оберон" ЖЧКсы тийиштүү кызмат адамдары менен сүйлөшүп, жогоруда аталган базарларга жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды мыйзамсыз алышкан.
Кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти тарабынан мыйзамсыз берилген токтомдорду жараксыз деп табуу үчүн административдик доо жөнөтүлгөн. Ошентип Бишкек шаарынын административдик жана шаардык сотунун кабыл алган чечимине ылайык, аталган базарлар Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти УКМКдан.
Муну менен наркы 3 миллиард 889 миллион 563 сом, жалпы аянты 8,1 гектар жер тилкелери мамлекеттин пайдасына кайтарылган.
"Келечекте аталган базарлардан түшкөн киреше Бишкек шаарынын бюджетине түшөт. Учурда УКМК тарабынан бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарынын катыштыгын аныктоо боюнча мындан аркы иш-чаралар жүргүзүлүп жатат жана юридикалык баа берилет", - деп кошумчалады УКМК.