Ливандын "Хезболла" кыймылы Наим Касемди уюмдун жаңы баш катчысы кылып шайлады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Буга чейин Касем башкы катчынын биринчи орун басары болуп иштеген.
"Хезболланын" Мыйзам чыгаруу кеңеши шейх Наим Касемди кыймылдын жаңы баш катчысы кылып шайлады, ал Кудайдын жардамы менен биздин тууну көтөрүп жүрүүнү улантат", - деп билдирген уюм.
Буга чейин "Хезболла" эгер Бейрут Газа тилкесиндеги тынчтык демилгелерине кошулса, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин (UNSCR) 1701 резолюциясынын Израил менен Ливандын ортосунда ок атышууну токтотуу жоболорун аткарууга макул болору белгилүү болгон.