Бишкекте Хонда Фит унаасы сүзүп кеткен кичинекей кыздын абалы орто деп бааланууда. Бул тууралуу №3 шаардык балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов бүгүн, 29-октябрда билдирди.
Дарыгердин айтымында, кыз ооруканага 27-октябрда келип түшүп, текшерүүлөрдүн баарынан өттү.
"Ага жабык баш мээ жаракаты жана мээси чайкалган деген диагноз коюлуп, нейротравматология бөлүмүнө жаткырылган. Абалы орточо. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө" деп билдирди дарыгер.
Белгилей өтсөк, бүгүн, 29-октябрда Бишкек шаардык милициясы окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын кабарлаган. Маалыматка ылайык, кырсык 27-октябрда саат 21:30дар чамасында калаадагы 7-апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан гипермаркеттердин биринин унаа токтотуучу жайынын чыга беришинде орун алган.
Буга чейин социалдык тармактарда Көк-Жар кичи районунда Honda Fit унаасы кичинекей кызды сүзүп, тебелеп кеткен видео тараган.