Жумгалда жоголгон ата-баланы издөө иштери эртең улантылат

Нарындын Жумгал районундагы Өрнөк айылында дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө иштери кеч кирип кеткендигине байланыштуу саат 17:53тө токтотулду.
ӨКМ берген маалыматка ылайык, бүгүн, 29-октябрда издөө иштерине жалпы 94 адам (46 куткаруучу, ИИМден 38 кызматкер жана 10 тургун) тартылып, 6 дрон жөнөтүлгөн.
Жалпы өздүк курам 14 топко бөлүнүп, Өрнөк айылынан баштап, Көкө-Мерен суусун бойлой Нарын дарыясына кошулган жерге чейин издөө иштерин жүргүзүштү. Эртең, 30-октябрда издөө иштери улантылат.
Белгилей кетсек, 16-октябрда Жумгалдын Өрнөк айылында 49 жаштагы Болот Карыпбеков 9 жаштагы уулу менен мал кайтарган кетип, дайынсыз жоголгон.
Алардын аты Көкөмерен дарыясынан табылып, кайтарып жаткан малы чачырап кеткени белгилүү болгон. Дайынсыз жоголгондорду издөө иштери 19-октябрда башталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан