Таштандыны кечинде гана чыгаруу керек. Бишкекте көрктөндүрүү боюнча жаңы эрежелер киргизилди

Бишкек шаардык кеңеши ушул жылдын 29-августунда №150 көрктөндүрүү боюнча жаңы эрежелерди бекиткен.

Бул боюнча мэрия билдирип, калаанын аймагында жашаган ар бир жаран жана юридикалык жак төмөндөгү эрежелерди сактоого милдеттүү экенин эскертти.

Эмнеге көңүл буруу керек?

Унааларды контейнер аянтчаларынын жанына токтотууга тыюу салынат. Бул атайын транспорттун таштанды челектерине жана катуу тиричилик таштандыларын белгиленген график боюнча чыгарууга жолтоо болот;

Таштандыны 19.00дөн 24.00гө чейинки аралыкта чыгаруу керек. “Тазалык” муниципалдык ишканасынын атайын унаалары үчүн сутканын күндүзгү убагында таштандыны ташып чыгуу өтө татаал. Андыктан шаарды тазалоо иштери саат 24:00дөн 06:00гө чейин жүргүзүлөт;

Унааны газондорго, жашыл аянттарга жана дарак тигилген жерлерге токтотпош керек;

Соода ишинин бардык субъекттери, ошондой эле ташуучулар (сатуучулар) товарларды, тамак-аш азыктарын ж.б. саат 19:00дөн саат 07:00гө чейин жеткирип берүүгө, түшүрүүгө, кабыл алууга тийиш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан