Жумгалда жоголгон ата-баланы издөөгө бүгүн 104 адам чыкты

Жумгал районунун Өрнөк айылында мал кайтарганы кетип дайынсыз жоголгон ата-баланы издөө үчүн бүгүн, 30-октябрда 104 адам чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Жеринде ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Эрнест Дыйканбаев дагы жүрөт.
"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 58 куткаруучу, 6 дрон тартылган. Ошондой эле Ички иштер министрлигинин 20 милиция кызматкери 3 дрон менен, ал эми жергиликтүү тургундардан 26 адам издөөгө чыгышты.
Тартылгандар баары 20 топко бөлүнүп жеринде иш алып барышат", - деп билдиришти ӨКМден.
16-октябрда Жумгалдын Өрнөк айылында 49 жаштагы Болот Карыпбеков 9 жаштагы уулу менен мал кайтарганы кетип, дайынсыз жоголгон.
Алардын аты Көкөмерен дарыясынан табылып, кайтарып жаткан малы чачырап кеткени белгилүү болгон. Дайынсыз жоголгондорду издөө иштери 19-октябрда башталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан