Бишкекте бүгүн, 30-октябрь күнү эртең менен аскер бөлүктөрүнүн бирине таандык КамАЗ-42Н4 жеңил унаа менен сүзүштү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы маалымдады.
Кырсык эртең мененки саат 09:00 чамасында Абдрахманов жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда түштүк тарапка бара жаткан КамАЗ-42Н4 унаасы Toyota Corolla менен сүзүшкөн.
Бул факты боюнча бардык экспертизалар дайындалып, унаалар айып короого киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.