Бишкек мэриясында коммуналдык кызматтарды төлөө боюнча бирдиктүү квитанцияны ишке ашыруунун жүрүшү талкууланган жыйын өттү. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал суу, жылуулук, газ менен камсыздоо, таштандыларды чыгаруу жана лифттерди тейлөө сыяктуу турак жай-коммуналдык кызматтар үчүн бардык төлөмдөрдү бир документке бириктирүүнү камтыйт.
Эми жашоочулар бардык керектүү кызматтарды бир эле квитанция аркылуу төлөй алышат, бул убакытты үнөмдөп, төлөмдөрдү өткөрүп жиберүү коркунучун азайтат.
Бирдиктүү квитанциялар толук төлөм маалыматын камтыган жана бир басуу менен төлөөгө мүмкүндүк берүүчү бирдиктүү ELQR'ды камтыйт. Төлөм каалаган интернет-банкинг аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
"Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү дүмүрчөк системасына өтүү калктын жана чарбалык субъекттердин эсебин тартипке келтирет, коммуналдык кызматтарды керектөөчүлөрдүн абоненттик базасын көбөйтөт жана төлөм тартибин жакшыртат, андан ары санариптик квитанцияга өтүү үчүн негиз түзөт", - деп айтылат маалыматта.