ТИМ Санкт-Петербургда кыргызстандык баккан наристенин каза болушу боюнча түшүндүрмө берди

Бүгүн, 30-октябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымат булактарында жарыяланган "Санкт-Петербургда кыргызстандык бала багуучунун көзөмөлүндө ымыркай чарчап калды" деген маалымат боюнча билдирүү таратты.

Анда Кыргызстандын жараны Т.Д. өзүнүн таанышы болуп эсептелген чет өлкөлүк жарандын 4 айлык баласын убактылуу карап жүргөндүгү айтылган.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгон балада дем алуу жолдоруна байланышкан патология болгон, бирок бул факт энеси тарабынан жашырылып келген. Учурда Орусиянын компетенттүү органдары тарабынан тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Аталган маселе Санкт-Петербург шаарындагы Башкы консулдуктун көзөмөлүндө", - деп белгиленген маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан