УКМК Бишкектеги дагы бир миллиард сомдук жерди мамлекетке кайтарды (фото)

Бишкектеги Фрунзе атындагы мурда машина куруу заводуна тиешелүү болгон стадион жана бассейн мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

"Стадион менен бассейн бир убакта Фучик атындагы парктын аймагына таандык болуп, социалдык объектилердин статусуна ээ болгон, ал эми аларды М.Фрунзе атындагы заводдун жумушчулары пайдаланып келишкен, ошондуктан «Сельмаш» деп аталган.

Заводдун аймагындагы объекттерди менчиктештирүүнүн жүрүшүндө Фрунзе атындагы заводдун жеке адамдары кызмат адамдары менен тил табышып, стадионго жана бассейнге жеке менчик укугун тастыктаган документтерди алышкан. Бул факт боюнча мамлекеттик комитет тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти «Сельмаш» стадионуна карата жасалган аракеттерди жараксыз деп табуу боюнча сот органдарына доо арыз менен кайрылган.

Ленин райондук сотунун жана Бишкек шаардык сотунун чечими менен белгиленген аймак Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлдү", - деп билдиришти УКМКдан.

Ошентип жалпы аянты 3,6 гектар болгон 1 миллиард 84 миллион 248 миң сомдук объекттер мамлекетке кайтарылды.

Мындан ары кайтарылган социалдык объекттер Бишкек шаарынын тургундарынын жана борбордун конокторунун кызыкчылыгында гана пайдаланылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан