Ноябрь айында "Яндекс" «Кеӊ пейил ноябрь» кайрымдуулук акциясын өткөрөт. Жума күндөрү Яндекс Go сервистери аркылуу буйрутма берген ар бир колдонуучу бул демилгеге катышуучу боло алат.
Компания Такси менен Жеткирүүнүн бардык тарифтери боюнча жүргөн унаалардын ар бир 10 чакырымынан 1 сомдон кайрымдуулукка которот. Ал эми жума күнү Тамакка берилген 400 сомдон жогорку ар бир буйрутмадан фонддор 5 сомдон алат.
Чогулган каражаттар «Кыргыз азиздер жана азиздер спорт федерациясы», «МБАА», «Сантерра-Юг», «Үмүт-Надежда», «Заманбап Мугалим» кайрымдуулук уюмдарынын ортосунда теӊ бөлүштүрүлүп берилет.
Асель Бектенова, «Заманбап мугалим» фондунун директору: «Биздин уюм айылдык мектептерде иштөөгө жаратман-мугалимдерди даярдоо менен алектенет. «Кеӊ пейил ноябрь» акциясы – бул биздин демилгени колдоого көптөгөн адамдарды тартуу мүмкүнчүлүгү. Биз Yandex менен кызматташып жатканыбызга кубанычтабыз, анткени кайрымдуулук менен технологиянын ушундай биригиши аркылуу өлкөбүздүн келечегин ойлогон көптөгөн жарандарды долбоорго кызыктырып, тарта алабыз.».
Инга-Ханна Шелике, "Үмүт-Надежда" БРБ Башкарма төрайымы: «Ар бир жөнөкөй кадам кимдир бирөөнүн өмүрү үчүн чоӊ салым болушу мүмкүн! Акцияга катышуу үчүн чоӊ рахмат, бул биздин миссиябызды бөлүшүүгө жана майыптыгы бар балдар үчүн каражат тартууга мүмкүндүк берет. Болгону таксиге, жеткирүүгө же тамакка буйрутма берүү менен жардам кылуу эӊ жакшы. Ушундай жеткиликтүү система аркылуу бардык каалоочулар кайрымдуулук ишке жана балдарды колдоого оӊой кошула алышат. Жакшылык кылуу күндөлүк иштердин бир бөлүгү болуп калганда жардам берүү жеӊил!».
"Яндекстин" «Кеӊ пейил ноябрь» акциясы өлкөдө экинчи жолу өткөрүлөт. Бул компаниянын Коммерциялык эмес уюмдарды колдоо долбоорлорунун бири. Компанияга өнөктөш бир нече уюмдун камкордугунда турган адамдар жана профилдик адистер дагы туруктуу кайрымдуулук программасынын алкагында Яндекс Go тарабынан акысыз сапарлар жана жеткирүүлөр кызматын ала алышат.
2023-жылы «Кеӊ пейил ноябрь» акциясынын алкагында жыйналган кайрымдуулук каражаттарынын жардамы менен «Биринчи балдар хосписи» камкордукка алынгандар үчүн зарыл керектелүүчү материалдарды сатып алды. «Бириккен кол» коомдук бирикмеси бөлүнгөн акчалай каражатты аутизмге кабылган балдардын үй-бүлөлөрү үчүн сайт жана мобилдик тиркеме иштеп чыгууга багыттаган. Help the Children — SKD кайрымдуулук каражаттарын фонддун камкордугунда турган балдар үчүн эӊ зарыл дары-дармектерди сатып алууга жумшаган. Ал эми «Үмүт-Надежда» ашкана гарнитурасын сатып алган – эми балдар ыӊгайлуу шарттарда тамак-аш даярдашат.
2023-жылдагы «Кеӊ пейил ноябрь» акциясынын жыйынтыгы боюнча, "Яндекс" Кыргызстандын кайрымдуулук уюмдарына 600 миӊ сом акча өткөрүп берген.
2024-жылы акцияга катышып жаткан кайрымдуулук уюмдары жөнүндө маалымат: