Нарындагы Жумгал районунун Өрнөк айылында ата-баланы издөө иши кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду. Эртең кайрадан таң эрте издөө иши улантылат. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда ӨКМ билдирүү таратты.
Билдирүүдө жазылгандай, бүгүн издөө иштерине жалпы 104 адам чыгып, учкучсуз учуучу аппараттар тартылган.