Бишкекте адам уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Бишкек ШИИББи билдирди.
Маалыматка ылайык, 30-октябрда Биринчи май РИИБге 43 жаштагы Бишкектин тургуну кайрылып, анын жолдошу Е.Б. БМВХ5 үлгүсүндөгү автоунаасы менен 17 жаштагы кызын уурдап кеткенин айткан.
Аталган факты Биринчи май РИИБге катталып, тийиштүү издөө иш чаралары жүргүзүлгөн.
"Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө аракеттеринин натыйжасында 52 жаштагы шектүү Е.Б., башка автоунаа менен Ысык-Көл облусунда жүргөнү аныкталып, ал жакта өзүнүн өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткан жеринен кармалган.
Ал эми шектүү тарабынан өлтүрүлгөн 17 жаштагы (өгөй кызы) өспүрүмдүн жансыз денеси Чүй облусунун аймагынан табылган" деп жазылат маалыматта.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122 (Адам өлтүрүү) жана 165 (Адамды уурдоо) беренелерине ылайык кылмыш иштери козголгон.
Тергөө иштери улантылууда.