Испаниянын түштүк жана чыгыш аймагында суу ташкынынан каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок. Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги бгүгүн, 30-октябрда билдирди.
Ага ылайык, Кыргызстандын Франциядагы элчилиги Испанияда жүргөн мекендештер менен байланышта.
Элчиликтин ыкчам байланыш телефону иштейт. Ал аркылуу Испанияда жүргөн Кыргыз жарандары зарыл болгон учурларда жардам же консультация алуу үчүн кайрыла алышат: +33 6 15 11 76 99, +33 1 71 60 37 04.
Белгилей кетсек, Испаниянын түштүк жана чыгыш аймагында катталган суу ташканынан 60тан ашык адам каза болгону маалымдалды. Буга байланыштуу өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланды.