Чүй облусунун Заречное айылындагы Аламүдүн–Арашан–Кой-Таш унаа жолундагы көпүрөнү куруу иштери аяктады. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.
Ага ылайык, көпүрөнүн узундугу 23 метр, туурасы 13 метрди түзөт.
Белгилей кетсек, аталган көпүрөнүн жараксыз абалга келгенине байланыштуу ушул жылдын 24-июлунан тарта №25 Жол эксплуатациялоо ишканасы тарабынан убактылуу көпүрө салынып, автоунаалар үчүн каттам камсыз болгон.