Эл аралык бокс ассоциациясынын президенти Умар Кремлев төрт баланы жалгыз тарбиялап жаткан бокс боюнча машыктыруучу Эмил Кожоевге үч бөлмөлүү батир белек кылды. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова билдирди.
Буга чейин үй-бүлө кичинекей ижарага алынган бөлмөдө жашачу.
"Эртең менен Умар Кремлевдин командасынын өкүлдөрү Москвадан учуп келип, шаардын борборунан пентхаус сатып алып, аны жалгыз бой атанын атына каттатышкан. Мындан тышкары бир нече сааттын ичинде батирге жаңы эмеректер сатып алынды. Ал эми кыргызстандыктар тарабынан тиричилик техникалары, килемдер, кийим-кечелер, балдар үчүн бут кийимдер берилди", - деди Ассоль.
Ошондой эле видеодо машыктыруучу Эмил Кожоев сүйүнүчтөн улам көзүнө жаш алганын көрүүгө болот.