Эртең, 1-ноябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Андагы маалыматка ылайык, бийик тоолуу аймактарда унаа жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17,
Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +11…+16,
Баткен жергесинде түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…+5, күндүз +7…+12,
Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11.
Бишкек шаарында түнкүсүн +2…+4, күндүз +14…+16 градус жылуу болот.