"Токмок" көзөмөл өткөрмө пунктунда адамдарды, унааларды жана жүктөрдү өткөрүү калыбына келтирилди. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгынан билдиришти.
Белгилей кетсек, Кыргыз-казак чек арасындагы "Токмок" көзөмөл өткөрмө пункту интернет линияларын оңдоп жатканына байланыштуу жабылган.