Бишкектеги борбордук көчөлөр эки күнгө жабылат. Себеби 

Бишкек шаарындагы борбордук көчөлөр 31-октябрь жана 1-ноябрь күндөрү жабык болот. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Чүй проспектиси Абдырахманов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин, ал эми Тыныстанов, Орозбеков, Раззаков, Панфилов, Логвиненко жана Эркиндик бульвары Фрунзе көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейин унаа кыймылы үчүн жабык болот.

Белгилей кетсек, 1-ноябрь күнү "Ала-Тоо" аянтында ИИМдин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу парад болот, кечинде аянтта майрамдык концерт уюштурулат.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан