
Бүгүн, 31-октябрь саат 16:02де Ош облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматында айтылат.
Ага ылайык, жер титирөө Ош облусунун Алай районундагы Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга (Кара-Киндик айылынан 8 чакырым түштүк батышта, Бор-Дөбө айылынан 20 чакырым түндүк чыгышта, Ош шаарынан 110 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.