Бишкекте "Орто-Сай" базарынын жана соода-базар комплекстеринин аймагында балдар эмгегин пайдалануу учурларын аныктоо боюнча кезектеги рейд өткөрүлдү.
Ага Октябрь акимиатынын, эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө кызматынын, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү жана жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлор катышты.
Мэрия билдиргендей, рейдде жашы жете элек 5 бала аныкталды. Алар ата-энелерине соода кылууга жардам беришкен жана ата-энелер бул ишти эмгекке тарбиялоо катары баалашкан.
Белгилей кетсек, ички иштер органдары иштеп жаткан балдар табылганда маалыматты дароо эки инстанцияга: Өлкөнүн эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө кызматына, жумуш берүүчүлөрдү же ата-энелерди административдик жоопкерчиликке тартуу жана кабыл алуу үчүн жана социалдык органдарга андан ары көзөмөлдөө жана бул үй-бүлөгө жардам көрсөтүү үчүн маалымат жөнөтүлөт.
"Өзгөчө учурларда балдарды туура эмес тарбиялагандыгы үчүн ата-энелик укуктардан ажыратуу маселеси көтөрүлүшү мүмкүн" деп жазылат анда.