Бүгүн, 31-октябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн эки үй бүлөдөгү үч эм наристелерден кабар алды. Бул тууралуу Өткүрбек Рахманов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анда кабарлангандай, алгач Камчыбек Ташиев Кара-Суу райондук төрөт үйүнө барып, ал жерде 27-октябрда төрөлгөн үч эм ымыркайларды көрдү. УКМК башчысы наристелердин ата-энеси Мырза Кыргызбаев жана Айжаркын Кыргызбаеге өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан 500 миң сом акчалай белек жана алгач УКМК кызматкерлери үчүн делип курулган Ош шаарынан 3 бөлмөлүү жаңы батирдин тийиштүү документтерин тапшырды.
Белгилей кетсек, үч эмге Таңсулуу, Күнсулуу, Нурсулуу деген ысымдар ыйгарылган, абалдары жакшы.
Андан соң Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун дагы бир үч эм наристелүү болгон Жоош айылындагы Мирлан Дастан уулу жана Нуриза Алмазбек кызынын үй бүлөсүнө барды. Наристелер ушул жылдын 12-октябрында жарык дүйнөгө келген. Анда ал эки уул бир кыздуу болгон жаш үй-бүлөгө да ажонун атынан 500 миң сом акчалай белек ыйгарып, аларга да тез күндөрдө Ош шаарынан 3 бөлмөлүү батир белек кылаарын убадалады.
Үч эмге Атай, Бакай жана Асель ысымдары коюлган, абалдары жакшы. Атасы Мирлан Дастан уулу аскер кызматкери.