Кыргызстанда ушул жылдын 9 айында (январь-сентябрь) 44 миң 365 жаран пенсияга чыкты. Бул туурасында Социалдык фонддун маалыматында көрсөтүлөт.
Анда кабарлангандай, сентябрь айында 5267 жаранга пенсия чектелди.
Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1098 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 785 миңге жакын пенсионер бар.