Орусиянын Брянск шаарында Украинанын учкучсуз учактары жок кылынды (видео) 

Орусиянын Брянск шаарында төрт украиналык учкучсуз учак жок кылынды. Бири турак жайга учуп кирип, жергиликтүү тургун жабыркаган. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Орус бийлигинин маалыматы боюнча, дрон көп кабаттуу үйгө учуп кирген. Анда үйдүн терезелери, балкону жана фасады жабыркаган.

Бир нече сааттын ичинде абадан коргонуу системалары 50дөн ашык учкучсуз учактарды атып түшүрүштү: Курск облусунда 20, Брянск облусунда 18, Орел облусунда 4, Белгород облусунда 3 жана Крымда 1 учкучсуз учак.

01.11.2024
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан