Бириккен Араб Эмирлигинин Дубай шаарында дайынсыз жоголгон кыргызстандык кыз табылды. Бул туурасында кечээ, 31-октябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, ал жакындарына тапшырылган.
"Дубай шаарында дайынсыз жоголгон А.Б. аттуу кыргыз жаранынын жүргөн жери аныкталган. Аткарылган иштердин натыйжасында ал туугандарына аман-эсен кайтып келген", - деп белгиленген маалыматта.
Белгилей кетсек, бир жума мурун кыргыз жараны Дубай шаарында жоголгондугу айтылган, ал акыркы ирет аэропортто болгондугун туугандары билдирген.