Жалал-Абаддын бир нече аймактарында жол куруу иштери кызуу жүрүүдө. Тизме

Жалал-Абад облусунда Транспорт министрлиги тарабынан асфальт төшөө, жердин негизин даярдоо, жолдорду тазалоо жана шагыл кум аралашмасын чачуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Транспорт министрлигинен билдиришти.

Төмөнкү жолдор оңдолууда:

- Бишкек–Ош унаа жолунун 209-232- чакырымында жолдорду тазалоо жана шагыл кум аралашмасын чачуу иштери жүрүп жатат.

- Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка автоунаа жолунун 100-106- чакырымында жолго кулаган таштарды тазалоо иштери аткарылууда.

- Бишкек–Ош автоунаа жолунун 395-427-чакырым аралыгында парапет орнотуу иштери уланууда.

- Ала-Бука–Кербен–Таш-Көмүр автоунаа жолунда асфальт төшөө үчүн жер жумуштары жүрүүдө.

- Талды-Булак–Каба автоунаа жолунда асфальт төшөө үчүн жердин негизин даярдоо иштери жүрүүдө.

- Ленин-Жол–Шайдан автоунаа жолунда жолдун эки жээгин тегиздөө жана арыктарды ачуу иштери жүрүп жатат.

- Кашка-Терек–Катранкы автоунаа жолунун 5-15-чакырым аралыгында жолдун жээгин тегиздөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан